Бүгүн, 8-июлга карата Кыргызстанда дагы 345 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 183, Чүй облусунан – 51, Ош шаарынан – 22, Ош облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 24, Жалал-Абад облусунан – 23, Нарын облусунан – 14, Баткен облусунан – 21 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 8486га жетти. Анын ичинде:
– Жалал-Абад облусунда — 501 адам;
– Ош облусунда — 586 адам;
– Ош шаарында — 878 адам;
– Бишкек шаарында— 3617 адам;
– Нарын облусунда — 586 адам;
– Чүй облусунда — 1545 адам,
– Баткен облусунда — 193 адам;
– Талас облусунда – 82 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 258 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 67 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 2983кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 16 адам; Чүй облусунан – 18 адам, Ош облусунан – 4, Ош шаарынан – 18, Нарын облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 4 адам, Баткен облусунан – 2 адам.
Өткөн сутка ичинде 13 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасынан 67 жаштагы эркек киши, №6 шаардык клиникалык ооруканасынан – 52 жаштагы эркек киши, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 3 эркек киши – 69, 55, 70 жашта, Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 52 жаштагы эркек киши, Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 53 жаштагы эркек киши, Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 64 жаштагы эркек киши, 55 жаштагы аял киши, Жайыл аймактык ооруканасынан – 63 жаштагы эркек киши, 59 жана 70 жаштагы аялдар, Москва аймактык ооруканасынан – 49 жаштагы аял киши ооруну жеңе албай көз жумду.
Жалпы каза болгондордун саны 112ге жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ