Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдайт. Мындай чечимди Республикалык атайын комиссия кабыл алды.
Ага ылайык, төмөндөгүдөй чектөөлөр киргизилет:
транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет;
мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жарым-жартылай аралыктан иштөөгө өткөрүлөт же эмгек өргүүсүнө чыгарылат;
мамлекеттик органдарда, уюмдарда жана ишканаларда чогулууга тыюу салынат;
аймактар ортосундагы транспорт каражаттарынын кыймылына (айыл-чарба азыктарын ташууга) тыюу салынат;
маданий-көңүл ачуучу жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
үйлөнүү той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынат;
65 жаштан ашкан жарандарга коомдук жайларда болууга, көчөлөрдө үчтөн көп болуп топтолуп жүрүүгө тыюу салынат.
Атайын комиссиянын чечими менен бул мезгилде төмөнкү ишкерлик субъектилердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат:
Парктар, аттракциондор жана эс алуу аймактары;
Кийим-кече саткан ири базарлар;
Машыгуу залдары, фитнес-клубдар жана бассейндер;
Мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана окутуу борборлору;
Коомдук тамактануу жайлары (ресторандар, кафелер, чайханалар);
Санаторийлер, пансионаттар, балдар лагерлери, конок үйлөрү, суу жээктери жана башка эс алуу жайлары.
Мындан тышкары эл аралык каттамдардын саны эки эсеге азайтылып, жүк ташуу унааларынын айдоочулары коронавируска тест тапшырууга милдеттендирилет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ