Бүгүн, 8-июлда ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков Бишкектеги бир нече дарыканаларга кирип, дары-дармектердин баасын сурап чыкты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
“Айрым дарыканаларда кезек күткөн элди өз көзү менен көрдү, өзү да кезекке турду. Атуулдар дарылардын баасы обу жок көтөрүлдү деп кайрылышууда. Төрага тиешелүү органдардан бул кырдаал боюнча кескин чара көрүүнү талап кылмакчы” – деп билдирди Ибраим Нуракун уулу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ