Menu

Өзбекстанда журналист Саид-Абдулазиз Юсупов эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

8-июлда Өзбекстанда Көз карандысыз басылмаларды жана маалымат агенттиктерди колдоо фондунун мурдагы башчысы, журналист Саид-Абдулазиз Юсупов эркиндикке чыкты. Бул маалыматты анын адвокаты Арслан Шаймардонов ырастады.

38 жаштагы Юсупов 2019-жылдын май айынан бери Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында камакта отурган. Ал Кылмыш кодексинин «Алдамчылык», «Пара берүү» жана «Акча уурдоо» беренелери боюнча айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган.

«Юсупов азыр үйүндө. Ал мыйзамга ылайык эркиндикке чыкты, келтирилген чыгымды толук төлөп берди. Абалы жакшы, азыр мурдагыдай кысым көрсөтүү, аңдуулар жок», — деди адвокат.

Саид-Абдулазиз Юсупов 2019-жылы майда кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал өзүн атайын кызматтын өкүлүмүн деп тааныштырып, алдамчылык жол менен бир нече жарандан ири өлчөмдө акча алып, кайтарып берген эмес.

Юсуповдун апасы менен жубайы ал камакка алынгандан кийин кыйноого кабылып, медициналык жардамга муктаж болуп жатканын айтышкан. Бирок Башкы прокуратура бул айыптоолорду четке каккан.

Өзбекстанда Көз карандысыз басылмаларды жана маалымат агенттиктерди колдоо фонду 2005-жылы президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: