Menu

Тимур Абылаев: “Депутаттар эмгек өргүү акыларынын өлчөмүн ачык жана толук көрсөткүлөрү келбесе, анда жарандарга жардам беришсин”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-июлда КР Жогорку Кеңешинин мурунку кызматкери Тимур Абылаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгек акысы жөнүндө парламенттин басма сөз кызматынан расмий билдирүү болгондуктан, бул маселе тууралуу дагы бир жолу өз ою менен бөлүштү. Ал билдирүүсүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.

Бул суроого биз дагы деле тийиштүү жооп ала элекпиз. Бирок, экинчи жагынан, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы расмий түрдө депутаттардын айлык акыларын көрсөтүп жатат, сыйлыктарды эске албаганда. Бул маалымат бизге төлөмдөрдү жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Натыйжада, депутаттардын өргүү акысы ден соолукту калыбына келтирүү үчүн берилчү жөлөк пулду эске алуу менен орточо эмгек акыны түзөт.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КРнын Мыйзамы, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын ЖКнын Регламенти жөнүндө” Мыйзам жана Башка ведомстволук чечимдер жана буйруктарга ылайык мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларына кошулчу төлөмдөрдүн тизмеси:

– эмгек акыдан сырткары төлөмдөр;

– кызмат өтөгөн жылдары үчүн төлөмдөр;

– класстык чини үчүн төлөмдөр;

– купуя сырларды сактагандыгы үчүн;

– он үчүнчү эмгек акы;

– ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн төлөм.

Акырында, мен жөн гана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылгым келет, эмгек өргүүңөрдүн акысын көрсөткүңөр келбесе да, шайлоочуларыңарга, жарандарыңарга жардам бериңиздер жана эң негизгиси чынчыл болуңуздар” – дейт ЖКнын мурдагы кызматкери Тимур Абылаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: