Бүгүн, 9-июлда ЖКнын депутаты Пархат Тулендибаев дарыгерлерге өз колу менен аш басып берди. Бул тууралуу депутат Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
“Элибиздин саламаттыгын сактап, ар бир өмүр үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерибизге тамак- аш жардамыбызды улантып жатабыз. Бүгүн дагы 200 медицина кызматкерлерине ысык тамак жеткирилет. Жараткан Аллахыбыз элибизге ден соолук жана өмүр берсин!” – деп жазды Пархат Тулендибаев.
Белгилей кетсек, депутат буга чейин дагы кыйын кырдаалда кызмат кылып жаткан адамдарга ысык тамак-аш уюштуруп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ