Menu

Видео – Бишкекте жол кырсыгына кабылган тез жардам унаасы оодарылып кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, тез жардам унаасы оодарылып кетти. Бул тууралуу видеотасманы окуянын күбөлөрү социалдык тармактарга жарыялашкан.

Алардын айтымында, Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде “Toyota” үлгүсүндөгү автоунаа менен тез жардам унаасы катышкан жол кырсыгы катталган.

Дарыгерлер катуу ооруп жаткан бейтапты күндүзү стационардан Улуттук фтизиатрия борборуна алып барышкан, кайра артка кайтып келе жатканда кырсыкка учурашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тез жардам унаасынын айдоочу жеңил жаракат алган, ал эми фельдшердин буту сынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: