Парламенттик шайлоого катыша турган “Бирик” партиясы эрте үгүт иштери үчүн эскертүү алды. Бул тууралуу БШКдан журналисттерге билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, бул маселе жумушчу топ тарабынан каралган.
Партия логотипти жана партиянын ураанын социалдык тармактарга алардын өкүлдөрү жайгаштырган эмес деп ишендирип, бардыгын алып салууга убада беришкен.
“Партиялар үгүт иштери 4-сентябрда баштала тургандыгын билиши керек. Азырынча БШК бир дагы саясий уюмду каттаган жок. Биз алардан шайлоого катышуу жөнүндө билдирүүнү гана кабыл алдык” – дейт БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева.
20-августка чейин саясий уюмдар съезд өткөрүшүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Түзүлгөн тизмелер квоталарга ылайык келиши керек.
Белгилей кетсек, ЖКнын депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ