Menu

Чубак ажы Жалилов 45 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:

10-июлдан 11-июлга караган түнү Бишкектеги улуттук госпиталда кыргыздын дагы бир чыгааны, диний аалым Чубак ажы Жалилов 45 жашында аты жаман оорудан мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ажы өпкөсүнөн кагынып, үйүндө ооруп жатып, ооруканага жеткирилгенде эс-учунда болгон, бирок дарыгерлердин ыкчам көрсөткөн жардамына карабай бир сааттын ичинде көзү өткөн.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Мундуз айылында туулган.

Ал 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүрүп,  үч жыл бою Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен мугалим болгон.

2000-2006-жылдары Сауди Аравиядагы эл аралык “Умм ал-Кур” университетинде диний жогорку билим алган.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи болгон.

Июнь айында Чубак ажы Кыргызстан дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыккандыгына байланыштуу аны 4-октябрда өтө турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого партиялардын биринин тизмеси менен бара тургандыгы айтылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: