Бүгүн, 11-июлда журналист Жакшылык Матанов Чубак ажы Жалилов оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилгенде, ооруканада ага шалаакы мамиле жасалганын айтып чыкты. Ал мындай билдирүүсүнүн видеосу Facebook социалдык тармагында тарады.
Ал ооруканадагы окуяга өзү күбө болгонун айтып, шалаакылык, кенебестик, чириген система өзгөрбөсө көптөгөн адамдын өлүмүнө себепкер болорун эскертти.
“Улуттук госпиталдын кире беришине 2 койко жасашыптыр. Анын бирөөсүндө Чубак ажынын алдында келген бейтап жаткан. Ага жасалма дем алдыруучу аппаратын кийгизишкен. Андан кийин Чубак ажы дем ала албай, жөтөлүп, өтө оор абалда келип түштү. Болжол менен 10 мүнөттөн кийин кабылдамадагы бала дарыгерге кайрылып, “Эже, Чубак ажыга кийгизейинби?” деп сураганда, эже чочуп кетип “кийгизбейсиңби!” деп кыйкырды. Тиги жигит “мен сизге жана айтпадымбы” деди. Ортодо 10-15 мүнөттөй убакыт өтүп кетти. Унутулуп калгандай мамиле болду. Ал убакта Чубак ажы аябай кыйналып, сүйлөй албай жаткан” – деди Жакшылык Матанов.
Ал бийлик жетекчилерине кайрылып, ооруканага оор абалда келген бейтаптарга көңүл бурулбай жатканын айтты.
https://www.facebook.com/100024287448092/videos/o.2207785436192253/769469197205988/?type=2&theater
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ