Бишкекте күндүзгү стационарларга дезинфекциялоо туннелдери орнотулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Анда эки ири стационарда, тагыраагы, спорт сарайына жана “Газпром” дене тарбия комплексине дезинфекциялоо туннелдери орнотулган.
“Калган стационарларга дагы дезинфекциялоо туннелдери орнотулат. Эгерде сиз курч респиратордук вирустук инфекциянын жеңил түрү менен ооруп жатсаңыз жана ийне, тамчылатып дары куюу, медициналык кеңеш керек болсо, саат 08:00дѳн 20:00гѳ чейин күндүзгү стационарларга кайрылсаңыз болот.
Эскерте кетсек, стационарлар оор абалдагы бейтаптарга ылайыкташтырылган эмес”, – деп жазылат маалыматта.
https://www.facebook.com/562768910476961/posts/3103765496377277/?vh=e
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ