Ысык-Көл жана Нарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-июль күнү саат 06:28де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ушул эле күнү саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жана Каракол шаарыда 2,5 баллга чейин сезилген.
Ал эми бүгүн, 13-июль күнү саат 01:05те Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чегинде очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Лейлек районунун Алга, Жеңиш, Ак-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ