Menu

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 44,4 миң бөтөлкө алкоголду тартып алды

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери иш жүргүзүүгө тийиштүү лицензиясы жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн күмөндүү акциздик маркалар менен 44 миң 478 алкоголдук бөтөлкө тартып алынды.

Алсак, Ош облусунун Өзгөн районундагы кампалардын биринен ар кандай идиштерде жана аталыштардагы 36 миң 500 алкоголдук бөтөлкө тартып алынды. Материалдар укук коргоо органдарына тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн берилет.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылындагы жеке үйлөрдүн биринде жайгашкан кампадан 7978 алкоголдук бөтөлкө табылып, тартып алынды. Бул боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: