Menu

Бакыт Төрөбаев: “Бул шайлоодо Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун ортосунда конкреттүү күрөш болот”

Бөлүшүү:

Бул шайлоодо Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун ортосунда конкреттүү күрөш болот. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, кимде жоопкерчилик бийик болсо, элди сүйсө, мыйзамды сыйласа ошол талапкер жеңишке жетишет.

Президенттик кызмат бул – чоң жоопкерчилик, элди сүйүү, мыйзамдын так аткарылышы. Мамлекеттин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн, кадыр-баркын эл аралык мамиледе жогору деңгээлде көрсөтүү.

2017-жылы президенттик шайлоо учурунда элге: “Ар бириңиздердин добушуңуздар бул – жоопкерчилик. Анткени, сиздер мамлекеттин башчысын шайлап жатасыздар” – деп айтчумун.

Бул шайлоодо Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун ортосунда конкреттүү күрөш болот. Ким утат? Албетте, кимде жоопкерчилик бийик болсо, элди сүйсө, мыйзамды сыйласа ошол талапкер жеңишке жетишет.

Алдыдагы шайлоодо акчанын, админ ресурстун колдоосуна таянбай, карапайым элдин тандоосуна коюш керек. Ар бир жаран өз президентин жоопкерчиликтүү сезим менен тандасын.

Утулган талапкер мамлекеттин тынчтыгы үчүн уткан талапкерди расмий куттукташы керек. Ошондо эч кандай талаш-тартыш болбойт жана легитимдүүлүгүн бекитет.

Эң башкысы өлкөнүн президентин тандоону элдин каалоосуна коелу“, – деди Бакыт Төрөбаев.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоого 63 талапкер катышуу тууралуу билдирүү тапшырган. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: