Menu

Бишкекке Екатеринбург шаарынан 186 кыргыз жараны учуп келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-июлда «Авиатраффик» авиакомпаниянын чартердик рейси менен 186 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган рейс менен студенттер жана өлкөгө келүүсү зарыл болгон кыргыз жарандары келген.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорундагы жана шаарларындагы кыргыз жарандарынын келип түшкөн арыздарды эске алуу менен түзүлгөн.

Ошондой эле, Бишкек шаарына эки дарыгер, эки фельдшер жана медайым учуп келди, алар өз мекениндеги кесиптештерине коронавирустук инфекция жана пневмония менен күрөшүүгө жардам беришет.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарын кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: