Menu

Бишкектеги түнкү стационарлар кайда жайгашкан жана кимдер кайрылса болот?

Бөлүшүү:

Шаардык ооруканалардагы орундардын жетишсиздигинен улам, Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча жана ишкерлердин колдоосу менен Бишкектеги 7-кичи райондогу “ДСК” спорт комплексинде жана “Консул” ресторанынын имаратында түнкү стационар уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, “ДСК” спорт комплексиндеги түнкү стационарда – 120 орун,  “Консулда” – 100 орун бар.

“Башкача айтканда, бир сааттын ичинде биз 200гө жакын жаранга жардам бере алабыз”, – деп жазат мэрия.

Экс-мэр Нариман Түлеев “ДСК” спорт комплексиндеги санитардык бөлүктү толугу менен каржылоону өз мойнуна алган, ал эми “Консул” ресторанынын кожоюну стационар үчүн имаратын бекер берген.

Түнкү стационарлар күндүзгү сационарлардан айырмаланып турушат. Ал жерде түн ичинде медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн оорулуу жарандарды кабыл алышат.

Эки пунктта дарыгерлер, медайымдар жана санитарлар кызмат өтөйт, алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмдери боюнча анамнез топтоп, тамчылатмаларды коюп, ийне сайып, зарыл учурда кычкылтекке туташтырышат. Ооруканаларда жарандардын ыңгайлуулугу үчүн көчмө дарыканалар ачылды, ал жерде дарыгер жазып берген бардык керектүү дары-дармектерди сатып алса болот.

Түнкү стационарларда жашаган жерине карабастан, ар бир адам, анын ичинде Чүй облусунун тургундары да биринчи жардамды ала алышат.

Оор абалдагы бейтаптардын саны көбөйгөн учурда кошумча түнкү стационарлар ачылат.

Мэрия ишкерлерди, ресторандардын, мейманканалардын ээлерин Бишкек шаарынын тургундарын колдоого жана COVID-19 жана пневмония менен күрөшүүгө жардам берүүгө чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: