Эртең, 15-июлда Түркияда дарыгер болуп иштеген 18 кыргызстандык коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жардам берүү Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем, учурда жардам беребиз деп жаткан ыктыярчылар абдан көп болуп жатат. Булар өлкө ичиндеги ыктыярчылар менен тең эле чет өлкөлөрдөн медициналык билим алган жарандар келип жатат. Мисалы, эртең Түркияда дарыгер болуп эмгектенип жүргөн 18 мекендешибиз келет деп күтүп жатабыз” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ