Menu

Сооронбай Жээнбеков КММАнын студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Борбор калаадагы убактылуу стационарлардын биринде ыктыярчы болуп эмгектенип жаткан И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылды. Жаш болгонуна карабастан, алар улуу кесиптештери менен бир катарда болуп, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз», – деп өкүнүү менен белгиледи Мамлекет башчысы.

Адинай Мурзабекова күч-кубатын, ден соолугун аябастан, өз милдетин кайратмандык менен аткарганын жана калктын саламаттыгын, адам өмүрлөрүн сактап калууга баа жеткис салым кошкондугун Президент баса белгиледи.

«Адинай Мурзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет. Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөм», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: