Тогуз-Торо районундагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты авариялык абалда. Медициналык мекеменин сүрөтүн активист Нурсултан Орунбеков социалдык тармактарга жарыялаган.
Анын айтымында, бул мекеменин абалын көрүп бооруң ачып, аягандан артык эч нерсе кереги жок. Медициналык мекемелердин мындай абалын биздин өлкөнүн башка аймактарында дагы көрүүгө болот”, – деп жазат ал.
Ошондой эле ал Бишкектен келген ишкер инфекция бөлүмүн капиталдык оңдоого акча бөлгөнүн белгиледи.
Белгилей кетсек, төрт жыл мурун массалык маалымат каражаттары Тогуз-Торо райондук ооруканасынын имараты капиталдык оңдоого муктаж жана авариялык абалда деп жазып чыгышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ