Menu

Боршайком чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участокторунун түзүлүшүн бекитти, дагы экөө макулдашууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында, 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого өлкөдөн тышкары  аймактарда добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн шайлоо участокторун түзүү жөнүндөгү Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын чечими бекитилди. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ушул этапта Кыргыз Республикасынын өлкөдөн тышкары жашап же иштеп жүрүшкөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча, бардыгы 42 шайлоо участоктору бекитилди (тизме тиркелет).

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын талаптары боюнча, шайлоо участоктору Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча жана аккредитация болгон мамлекеттердин макулдугу менен, чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик мекемелердин аймактарында  уюштурулат.

Боршайкомдун жыйынында КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат боюнча департаментинин директору А. Имангазиев билдиргендей, Кыргыз Республикасынын РФдагы элчилигинин төрт канцеляриясы биринчи жолу Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында ачылып, аларда КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо участоктору ачылат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын көп сандаган жарандары жашап иштеп жүрүшкөндүгүнө байланыштуу дагы эки шайлоо участокторун Рим жана Париж шаарларында ачуу, аккредитация болгон мамлекеттердин макулдашуусунда турат.

Конституциялык мыйзамда бир имаратта эки же андан көп шайлоо учактоктору түзүлсө боло тургандыгы каралган. Ушул негиз менен Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинде, Москва шаарында эки шайлоо участогу ачылат.

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын төрагасы К. А. Маматов эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамын түзүү керектигин белгиледи.

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга, коомдук бирикмелерге, саясый партияларга участоктордогу шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча кайрылат. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынан тышкары жашап жүргөн жарандардын, коомдук уюмдардын, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, дипломатиялык жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин эсебинен түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого добуш берүүнү уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынан тышкары шайлоо участокторунун тизмеси

 

№ п/п № ШКУ Чет өлкөдөгү мекеме Дареги
1.       

2.       

9001,

9005

Россия Федерациясындагы КР элчилиги  Москва ш, Большая Ордынка  к 64.
3.        9009 Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугу Екатеринбург ш, Щорс к 54а, офис 5.
4.        9010 Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугу Новосибирск ш,  Крылов к 64/1.
5.        9002 КРнын РФдагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы Санкт-Петербург ш, Чехов к, ү. 14 б лит А, пом.2Н.
6.        9004 КРнын РФдагы элчилигинин Владивосток шаарындагы канцеляриясы Владивосток ш, Алеутская к, 15 “В”, офис 402.
7.        9003 КРнын РФдагы элчилигинин Красноярск шаарындагы канцеляриясы Красноярск ш, проспект Мира 132.
8.        9022 КРнынУкраинадагы элчилиги Киев ш, Печерский р-н, пер. Редутный 19/34.
9.        9023 КРнын Беларусь Республикасындагы элчилиги Минск ш, Старовиленская  к,57.
10.    9028 КРнын Казахстан Республикасындагы элчилиги Нур-Султан ш, Дипломатиялык шаарча В-5, Кунаев к 1.
11.    9027 КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Алматы ш, Луганск к, 30 “А”.
12.    9025 КРнын Өзбекистан Республикасындагы элчилиги Ташкент ш, Мирзо-Улугбек району, Ниёзбекйули к, 6 проезд, үй 30.
13.    9024  КРнын Тажикистан Республикасындагы элчилиги Душанбе ш, Саид Носиров к, 56 а.
14.    9011 КРнын Түркмөнстандагы элчилиги Ашхабат ш, Гарашсызлыкшаелы, ү. 17.
15.    9012 КРнын Азербайджан Республикасындагы элчилиги Баку ш, Башир Сафарли к,133 (Бизнес центр «SatPlaza», 16-кабат)
16.    9034 КРнын АКШдагы жана Канададагы элчилиги 2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008.
17.    9038 КРнын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилиги Ascot House, 119 Crawford str., London, W1U 6BJ
18.    9039 КРнын Швейцариядагы элчилиги AvenueBlanc 51, 1202 Geneve
19.    9037 КРнын Бельгиядагы элчилиги Rue de l`Abbaye 47, 1050 Bruxelles
20.    9032 КРнын Австрия Республикасындагы элчилиги Invalidenstrasse 3/8, 1030 Wien
21.    9029 КРнын ФРГдагы элчилиги

Берлин ш.)

Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin.
22.    9030 Франкфурттагы-Майне шаарындагы консулдук агенттик Broennerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main .
23.    9031 КРнын ФРГдагы элчилигинин Бонндогу бөлүмү Aennchenstrasse 61, 53177 Bonn.
24.    9036 КРнын Түркия Республикасындагы элчилиги Turan Gunes Bulvari, Galip Erdemcaddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450.
25.    9035 КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Lamartin Caddesi No:7, Taksim, 34437 Beyoğlu, İstanbul.
26.    9040 КРнын КЭРдеги элчилиги г.Пекин, 10/11 King’s Villas 18, Xiaun Road, 100016 г.
27.    9041 КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу г.Гуанчжоу, район Тяньхэ, Тяньхэлу 228, Гуаншэн имараты, к. 707.
28.    9019 КРнын Япониядагы

элчилиги

108-0073, г. Токио, Минато-ку, 1-5-7 Мита.
29.    9042 КРнын Корея Республикасындагы элчилиги г. Сеул, Йонгсан-гу, Собингго-ро 91 лагиль 16-10 (Донгбингго-донг 28-17).
30.    9008 КРнын Индия Республикасындагы элчилиги Д 2/2, ВасантВихар, г.Нью-Дели-110057.
31.    9048 КРнын Малайзиядагы элчилиги 10-кабат, WismaSinHeapLee, 346 JalanTunRazak, 50400 Куала-Лумпур ш.
32.    9045 КРнын Сауд Арабиясы королдугундагы элчилиги 6575 Amr Al Damri Street – Assafarat Dist. RIYADH 12511 – 3562 Kingdom of Saudi Arabia
33.    9046 КРнын Кувейт Мамлекетиндеги элчилиги Кувейт  ш, район Сурра, Блок 6, 13-көчө, Вилла -34.
34.    9050 КРнын Катар Мамлекетиндеги элчилиги Доха ш, Лежбайлат-64, Вилла №7,  №963 көчө.
35.    9051 КРнын БАЭдагы элчилиги Bayn Al Jesrain, Villa 5, Qaryat Al BeriАбу-Даби.
36.    9044 КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу Дубай ш, Дейра, район Ригга Аль Бутеен, Грин Тауэр имараты, офис № 302.
37.    9043 КРнын Иран Ислам  Республикасындагы элчилиги Тегеран ш, Пасдаран /Наренджестан  к, 5,  № 24 үй, почта индекси 19579-35611.
38.    9049 КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы элчилиги Исламабад г, №12, 33-көчө. сектор F-8/1.

Биринчи жолу добуш берүү уюштурулуп жаткан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин тизмеси

<span lang="KY" sty

[Показана часть сообщения]  Показать полностью

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: