Menu

Саламаттыкты сактоо министрлиги ар биринин баасы $49 миңден $90 миң чейин турган 13 “тез жардам” унаасын сатып алган

Бөлүшүү:

“Саламаттыкты сактоо министрлиги “Тез жардам” унааларын кымбат баада сатып алган деп социалдык тармактардын колдонуучулары айтып чыгышкан. Сатып алуу тендердик комиссиянын көзөмөлү астында жүргүзүлдү”, – деп билдирди Министрликтин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 13 жаңы “Тез жардам” унаасын сатып алган. Тез жардам унаалардын жалпы суммасы 764 900 доллар болгон. Алынган автоунаалардын үчөөнүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Сатып алуу Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Исмаиловдун айтымында, дизель менен жүрүүчү 4WD “Собол” үлгүсүндөгү унаалар атайын Кыргызстандын аймактары үчүн сатылып алынган. Алардын ичине адамды дем алдыруучу системалар, кычкылтек баллондору, чоңдорго, балдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык жабдуулар орнотулган. Анын баасы 49 миң долларды түзгөн.

Экинчи класстагы тез жардам унаасында үч заряддоочу жана жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулган. “Форд Транзит” унааларынын ар биринин баасы 90,000 долларды түзгөн.

Тендерге 4 фирма катышты. Эң аз сумма сунуш кылган компания тандалды.

“Тез жардам унааларынын жабдуулары жөнөкөй унаалардан айырмаланып турат. Компания унаалардын ичине орнотулган шаймандардын техникалык параметрлерин көрсөттү. Эксперттик топ жана тендердик комиссия өз бааларын беришип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин макулдулугунан өткөн соң  “Тез жардам” унаалары Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди”, – деп кошумчалады Исмаилов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: