Menu

Өзбекстанда вируска каршы препараттардын баасы жогорулады

Бөлүшүү:

Соңку аптада Өзбекстандын дарыканаларында вируска жана суук тийүүгө каршы препараттардын тартыштыгы жаралды.

Айрым дарылар эпидемияга чейинки баасынан 3-4 эсеге кымбат сатылууда. Президент Шавкат Мирзиёев дарылардын үч айлык резервин түзүүнү тапшырды.

«Канча каражат керек болсо, беребиз. Бирок дары кымбаттап кеткенде, эл нааразы болот. Биз муну катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Дагы бир жолу айтып коеюн: биздин резервде баары бар, жогун алып келебиз. Ошол эле маалда дарыларды жер-жерлерге жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Ар бир аймакта баа ар башка. Ошондуктан резерв түзүп, баага көңүл бурушубуз керек», – деди Мирзиёев.

Өлкөдө “Арбидол”, “Эргоферон”, “Лопинавир”, “Авиган”, “Гидроксихлорохин” сыяктуу препараттар көптөгөн дарыканаларда жок. “Азитромицин”, “Плаквенил”, “Ремдесивир”, “Умифеновир”, “Фавипиравир”, “Парацетамол” жана “Аспирин” тартыш болууда.

Көптөгөн бейтаптар “Арбидол” менен “Эргоферон” өтө кымбат сатылып жатканына даттанышууда.

Соцтармактарга быйыл февралда 3 доллар турган “Арбидол” азыр 50 долларга чейин кымбаттаганын жазышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: