Кыргызстанда ушул жылдын 1-июлунан тарта 110 адам коронавирус жана 533 адам пневмониядан каза болду. Мындай маалыматтар Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасында келтирилген.
Ошол эле учурда, март айынан бери COVID-19 менен ооругандардын арасында 167 жана пневмония менен ооругандардын арасында 612 өлүм катталды.
Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 12498. 5632 адам бул илдетти жеңип чыккан. 15-июлга карата 9 204 адам пневмония менен ооруп, 3797 адам ооруканалардан чыгарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ