Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвили Михаил Саакашвили башкарып турган маалда курулган заңгыраган резиденциядан баш тартып, Тбилисидеги Орбелиани сарайында иштей турганын билдирди.
“Бараташвили менен Орбелиани менин ата-бабаларым болуп саналат. Ошондуктан мага Орбелиани сарайы ылайыктуу”, – дейт Грузия президенти.
“Учурдагы резиденция мамлекеттин символу болуп саналат. Ал жакта өлкөнүн премьер-министри, же Тышкы иштер министрлиги турушу керек. Анда сырттан келген расмий коноктор тосулат. Эми бул маселени мен эмес, өкмөт чечет. Бирок, резиденцияда президенттин жашашынын зарылчылыгы жок”, – деген ал.
Мындан сырткары, Грузиянын биринчи аял президенти “башка типтеги” башкаруучу болуу каалоосун айтып, жөнөкөй адамдар сыяктуу эле өз үйүндө жашап, азык- түлүктү базардан сатып алып, жумушуна жөө барып иштей тургандыгын маалымдаган.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ