Menu

Өзбекстан казак-орус чек арасындагы эки миңден ашуун жаранын поезд менен алып кетүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстан Орусиянын Самара жана Оренбург облустарындагы жарандарын алып чыгып кете баштады.

Мигранттар бир нече жумадан бери орус-казак чек арасынан өтө албай турушкан.

15-июлдан баштап өзбек бийлиги 2500 кишинин 2100дөйүн поезд менен алып кете баштады. Калган 400 мигрант чек арага автоунаалары менен келген, алар транспортторун таштап кетүүдөн баш тартышты.

“Казакстан машинелерди өткөрбөйт, мындан улам биз аларга автоунааларын таштап, поезд менен кетүүнү сунуштадык. Бирок алар машинелерин таштабайт, кайра Орусияга кетишет. Самара жана Оренбург облусунда татыктуу айлык акы төлөнгөн көптөгөн бош орундар сунушталууда”, – деди Өзбекстандын Орусиядагы башкы консулу Мехриддин Хайриддинов.

Өзбекстандык мигранттар казак-орус чек арасында эки аптадан ашык убакыт чатырларда күн кечиришкен. Июлдун башында мигранттар чек араны ачууну талап кылып, жол тосууга аракет жасашкан. Полиция аларды резина союлдар менен сабаганы айтылган.

Өзбекстан май айынын аягында Самара облусунан 1200 жаранын чыгарып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: