Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жаңы алынган “Тез жардам” унааларынын бири Боом капчыгайында бузулуп калды. Бул тууралуу кечээ, 16-июлда социалдык тармактардын колдонуучулары бузулуп калган тез жардам унаасы менен видеотасманы бөлүшүштү. Унаа Боом капчыгайында токтоп турган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, тез жардам Ысык-Көл облустук ооруканасына бара жаткан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттерге бул унаа Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында алынгандыгын тастыктады.
Министрликтин маалыматына ылайык, Боом капчыгайында бир аз техникалык мүчүлүштүк жаралган.
Окуя болгон жерге жеткирүүчү компания тарабынан механиктер тобу барышкан. Учурда унаа Чолпон-Ата шаарына токтотулду. Айдоочу адистердин келишин күтүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ