Menu

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова бир катар медициналык мекемелерди убактылуу стационарларга кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Улуттук хирургия борборуна жана Шаардык перинаталдык борборго аталган медициналык мекемелерди коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптар үчүн кайрадан түзүп чыгуу үчүн алардын мүмкүнчүлүгүн баалоо максатында барды.

Эксперттер тобу менен биргеликте Аида Исмаилова учурдагы абал менен таанышып, мекемелердин жабдылышы, квалификациялуу медициналык көмөк көрсөтүү, атап айтканда, интенсивдүү терапия тейлөөсүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен таанышып чыкты.

Улуттук хирургия борборунда медициналык кызматкерлер калкка ыкчам хирургиялык көмөк көрсөтөт, ошону менен катар 40 жакын орун коронавирустук инфекциясы өтүшүп кеткен бейтаптар үчүн бөлүнгөн.

Шаардык перинаталдык борбор № 2-төрөт үйүнө тийиштүү кош бойлуу аялдарды да кабыл алат, ал коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптар үчүн толугу менен кайрадан түзүлгөн. Башка мамлекеттик клиникалар да калкты тейлөө үчүн кайрадан түзүлгөн бөлүмдөрдү сунуштамакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: