Menu

ТИМ: Германиядагы мекендештер Кыргызстанга жардамга 18700 евро жыйнашты жана врачтардын түз онлайн-консультацияларын өткөрүүчү IT долбоор даярдашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги короновирустун тез жайылышына жана пандемияга байланыштуу Кыргызстанда болуп жаткан бул кыйын кырдаалга кайдыгер карабай, Кыргызстандын медициналык мекемелерине жетишпей жаткан медициналык каражаттарды жана дарыларды алуу үчүн финансылык жардам көрсөткөндүгү үчүн Германиядагы кыргызстандык мекендештерге жана коомдук бирикмелерге, ошондой эле башка өлкөлөрдүн жарандарына терең ыраазычылыгын билдирет.

Ошентип, кыргызстандыктардын Гессен Федералдык жериндеги «БИЗ» сөзүнө окшош «BIZ» (Bildung, Initiative, Zusammenarbeit – билим берүү, демилге, кызматташтык) коомдук уюму, кыргыз медициналык мекемелерине жардам көрсөтүү үчүн финансылык каражат топтоо боюнча акция өткөрүп жатат. Бүгүнкү күнү 7 миң евродон ашык акча топтолду.

Бавария Федералдык жериндеги «ОРДО» жана «Hoffnung für Kirgisien» – «Кыргызстан үчүн Үмүт» Кыргызстандыктардын коомдук уюмдары бүгүнкү күнү 8 миң евродон ашык акча топтоду.

Германиядагы бул кайрымдуулук акциялары улантылууда.

Каражат топтоо боюнча акциянын жыйынтыгында биздин мекендешибиз Наталья Югайдын баштоосу менен 3700 еврого жакын суммадагы акчалай каражат топтолгон. Москва шаарында топтолгон акча каражаттарына «Клексан» жана «Ксарелто» медикаменттери сатылып алынган, алар Кыргызстандагы коомдук бирикмелердин бирине өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, учурда Германиядагы кыргызстандыктардын «Kyrgyz Club Germany» коомдук уюмунун платформасында иштелип чыгып, жакында өз ишин баштоодо турган Кыргызстандагы врачтарга жана бейтаптарга ар кайсы өлкөлөлөрдөгү врач-мекендештердин түз онлайн-консультациялар боюнча көмөк көрсөтүү долбоору мактоого арзыйт. Бүгүнкү күндө Германиядан ондон ашык врач-мекендештер бул долбоордо катышуу чечимин билдиришти. Учурда биздин өлкө үчүн эң керектүү болгон бул долбоордун IT-компонентин аягына чыгаруу иштери жүрүп жатат. Учурдан пайдаланып, Элчилик  Германияда жашаган бардык кыргызстандык врачтарды «Kyrgyz Club Germany» долбоорун ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырат.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги дагы бир жолу Германиядагы өзүнүн мекендештерине терең ыраазычылык билдирет жана алар тарабынан биздин Мекенге көрсөтүлгөн жардам өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалды тезинен турукташтырууга таасирин тийгизүүчү дагы бир фактор болот деген ишенимин билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: