Menu

Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууга келе турган ыктыярчылардын тизмеси: Анжелика, алып баруучулар Айзада Жамгырчиева, Эркин Рыскулбеков…

Бөлүшүү:

Бүгүн өлкө башчысы коронавирус жана жугуштуу пневмония менен күрөшүүдө дарыгерлерге жардам берген ыктыярдуу кыймылдын активисттери менен жолугушууну чечти.

Кечээ белгилүү болгондой, айрым активисттер мамлекет башчысы менен жолугушуудан баш тартышкан.

“Бирге” ыктыярчылар бирикмесинин жетекчиси Айдана Оторбаева бирикменин мүчөлөрү саясаттан алыс экендигин айтты. Жана ошондой эле бул жолугушууга катышпайбыз деди.

“Ала-Арча-1” резиденциясына пландалган жолугушуу аба ырайынын кесепетинен улам «Ак үйгө» жылдырылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууга келе турган ыктыярчылардын тизмеси:

“Бирге” кыймылынын өкүлү Элдар Шабданов, “Элден элге” кыймылынан Тынчтык Алтымышев, “Сүйүүнүн колдору” кыймылынын активисти Наталья Гребнева, журналист Айзада Жамгырчиева, ырчы Анжелика, “Биз барбыз” кыймылынын лидери Урмат Насыкулов, алып баруучу жана учурда активдүү ыктыярчы Эркин Рыскулбеков, микрокредиттик компаниянын башчысы Бабур Төлбаев, Кызыл Жарым Айдын өкүлү Бермет Усубалиева, “Поколение best” кыймылынын жетекчиси Нуриля Чолпонбаева, Ыктыярчы Абдурахманхаджи Муртазалиев, Жаштар демилге тобунун өкүлү Алмаз уулу Аскар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: