Menu

Ала-Бука райондук милиция кызматкерлери врачтарга бир күндүк ысык тамак уюштурушту

Бөлүшүү:

Базар-Коргон РИИБи тарабынан 200дөн ашуун мамлекеттик  жана жеке менчик ишканалар, соода түйүндөрү текшерилип, санитардык нормалардын, жеке гигиеналык эрежелердин сакталышы көзөмөлгө алынды. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Коронавируска байланыштуу 35 милициянын участкалык инспекторлору тейлеген аймактарында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар жергиликтүү тургундарга азыркы кырдаалды туура түшүнүп, зарылчылык жаралбаса үйдө болуу керектигин, көчөгө чыкканда ар дайым бет кап тагуу зарылдыгын эскертишти. Ошондой эле чакан антисептикалык каражаттарды жанына алып жүрүп, аны колдонуу менен жугуштуу оорунун алдын алууга болоорун жеткиришти. Район аймагындагы айылдарда милициянын көчмө кабылдамасына орнотулган үн чыгаруучу каражаттар аркылуу пандемиялык абал жана андан сактануу жолдору айтылды.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө эмгектенген жана обсервацияда кызмат өтөгөн ак халатчандарга бир күндүк ысык тамак уюштурулду. Милиция тарабынан алардын азыркы учурдагы кызматы эбегейсиз зор экендиги айтылып, бул илдетти биргеликте жеңе тургандыгы белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: