Ошто эркек киши бир тууганын сабап, анын башы жолдун жээгиндеги бетонго тийген. Ал анын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери денеге оор залал келтирген, анын кесепетинен адам өлүмүнө алып келген деп шектелген адамды кармашты.
Шектүүнүн айтымында, анын бир тууганы акыркы жылдары ичип жүргөн жана үйгө келбей калган.
“Мен аны дайыма издеп, Оштун көчөлөрүнөн алып кетчүмүн. Ал үй-жайсыз адам болуп калды. Мен аны үйгө алып келип, жуунтуп, арак ичүүнү токтотууну өтүндүм. Бирок бир тууганым кайрадан сыртка чыгып, ичип жүрдү”, – деди шектүү.
Ошол күнү ал агасын таап, аны үйүнө алып кетүүгө аракет кылган. Бирок ал баш тарткан.
“Мен аны жаакка чаап, кайра сүйрөп баштадым. Бирок агам макул болбой койду. Анан мен аны дагы бир жолу чаап жибергенде ал жолдун жээгиндеги бетонго кулап түштү. Ал бир жолу башын көтөрүп, андан кийин эсин жоготуп койду. Тез жардам кызматкерлери келип, милиция мени кармап кетишти. Бир тууганымдын өлүмүн мен каалаган жокмун”- деди шектүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ