Өзбекстандын Башкы прокуратурасы дары-дармектердин көбү көмүскө базарда жыйырма эсеге кымбат сатылып жатканын тастыктады.
Коронавирустан дарыланып жаткан Ташкент шаарынын жашоочусу соңку күндөрү дарыканаларда вируска каршы препараттарды табуу кыйынга туруп жатканын айтты.
– Кагоцел менен арбидол дарыканаларда такыр жок. Плаквенилди табуу да кыйын. Дарыгерлер сунуштаган эргоферон, азимак 500 (азитромицин) антибиотиктерин да дарыканалардын баары эле сата бербейт. Жакшылап издесе, тапса болот, – деди ал.
Анын айтымында, бул препараттардын көбү көмүскө базардарда сатылууда:
– Коронавирусту аныктай турган экспресс-тесттер “кара базарларда” гана сатылууда. Арбидол менен эргоферонду да алып сатарлардан тапса болот. Препараттарды көбүнчө Telegram’да жарнамалашууда.
Интернеттеги жарыялардын биринде Арбидол 502 миң сумга (50 доллар) сатылууда.
Дары-дармектер бир эле Ташкент шаарында эмес бардык облустарда тартыш.
14-июлда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев дары-дармектер жетишпей жатканын мойнуна алып, алардын үч айлык резервин түзүүнү тапшырган.
18-июлдан тартып Өзбекстан фармацевтикалык продукцияларды экспорттоону токтоткон. 21-июлдан баштап үйүндө дарыланып жаткан бейтаптарга дары-дармектер бекер таратыла баштады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ