Шайлоочулардын алдын ала тизмеси даяр болду. Ага ылайык, добуш берүүгө 3 миллион 429 миң кыргызстандык катыша алат.
БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоого барган учурда өздүк маалыматтардан ката кетсе эмне кылуу керектигин айтты.
Анын айтымында, эгер шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен таппай калса же ката тапса, анда ал онлайн режиминде арыз кайрыла алат. Аймактык шайлоо комиссияларына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылуунун кажети жок.
Борбордук шайлоо комиссиясы партияларга үгүт иштери 4-сентябрда башталаарын эскертет. 20-августка чейин партиялар съезд өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Тизмелер квотанын талаптарына ылайык түзүлүшү керек.
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ