Бүгүн, 23-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 46 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 13
Ош шаары – 3
Чүй облусу – 6
Ош облусу – 5
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 4
Ысык-Көл облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 6
Баткен облусу – 2
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1169.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 23-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 30 миңден ашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ