Пакистандын жарандарына кол салган шектүүлөргө карата алдын-алуу чаралары көрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын үчөө бир айга тергөө абагында отургандыгы аныкталган. “Бейбаштык” беренеси боюнча тергөө иштери уланууда.
Аббас Али Шахтын мурду сынып, операция жасатат. Окуя Кой-Таш айылындагы “Жаннат” мейманканасынын жанында болгону такталды.
Эске сала кетсек, буга чейин пакистандык студенттер тоодо ур-токмокко алынганы тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан. Окуя боюнча милицияга Пакистандын бир жараны кайрылып, аны сабагандарга чара колдонууну өтүнгөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган. Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Көп өтпөй милиция чет өлкөлүк жарандарга кол көтөргөн 3 адамды колго түшүргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ