Menu

Икрамжан Илмиянов түрмөдөн чыгарылып, жатак абакка которулду

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар ЖАМКтагы булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди ЖАМКтын комиссиясы кабыл алган.

Икрамжан Илмиянов №47 колонияда карантинде жүргөн, андан кийин анын өтүнүчү боюнча ЖАМК жатак абакка которуу чечимин кабыл алган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Икрамжан Илмиянов Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 2017-жылдагы президенттик шайлоодо “Дизель коплект” ЖЧКдан сыйлык жана демөөрчүлүк үчүн 150 миң доллар алган деп айыпталып, жети жылга кесилген.

Көпчүлүккө “Шопур” лакап аты менен белгилүү Икрамжан Илмиянов Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болгон. 2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттин аппаратынын башчысынын орун басары жана мамлекет башчысынын кеңешчиси болуп иштеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: