Алыскы провинциядан келген афгандык өспүрүм кыз ата-энесин атып өлтүргөн “Талибан” кыймылынын мүчөсү болгон 2 террорчуну атып өлтүрдү. Бул тууралуу массалык маалымдоо каражаттары билдирет.
Маалыматка ылайык, Афганистандын борборундагы бир кыштакта бир нече киши кирпич үйдүн эшигин тыкылдатышкан. Саат болжол менен түнкү бир болчу.
Корккон 15 жаштагы Камар Гүл керебеттен секирип чыгып, инисин кармап калат. Кийинки бөлмөдөн ойгонгон анын ата-энеси эшикке этияттык менен жакындашат. Эшиктин артында террорчулар турган.
Алар Камар Гүлдүн апасы менен атасына эшикти ачууну буйрук кылышкан. Алар эшикти ачуудан баш тартышкан учурда, күч менен куралчан адамдар үйгө киришет.
Ата-энесин өлтүргөн террорчуларды Камар Гүл барып Калашников АК-47 мылтыгын алып, террорчуларга карата ок чыгарган. Ошол жерден 2 террорчу каза болуп, башкалары жаракат алган.
Кийинчерээк бул окуя тууралуу өспүрүм кыз өзү журналисттер менен маектешкенде айтып берген. Ал болгон күчү менен террорчуларга каршы күрөшүүгө даяр экенин билдирген.
15 жаштагы өспүрүм кыз жана анын иниси мамлекет тарабынан коопсуз аймакка көчүрүлдү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ