Menu

Ошто өспүрүм бала компьютердик оюндар үчүн көчөдөн кайыр сурачу. Атасы баланы балдар үйүнө өткөрүп берүүгө макул болду

Бөлүшүү:

Оштун көчөлөрүндө кайырчылык кылып жүргөн он жаштагы бала “Боорукердик” балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтымында, өспүрүмдүн өздүгү азырынча аныктала элек.

“Баланы эртең менен саат 9-10до алып келишти. Буга чейин алар укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын көчөлөрүндө жашы жете электерди аныктоо үчүн рейд өткөрүшкөн. Биз аларга эскертүү бердик” – деди ал.

Милиция кызматкерлерине 10 жаштагы бала Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Маале айылында жашай тургандыгын айтты. Бул айыл өкмөтүнүн башчысы Умидулло Нармурзаев өспүрүм ушул айылда жашайт деп ырастады.

“Мен бул баланы көптөн бери билем. Анын ата-энеси бар. Мындай жагдайлар көп болчу. Алардын үй-бүлөлүк абалы жакшы. Бала кайыр сурайт, чогулткан акчасы менен компьютердик клубга ойногону барат”, – деди айыл өкмөтүнүн башчысы.

Жашы жете элек баланын атасы А.А.нын айтымында, уулу мурда уурулук жасаган. Мындан улам аны “Боорукердик” балдар үйүндө калтырууга макулдугун берген.

“Биз жакшы шарттарда жашайбыз. Бул менин жалгыз уулум. Мен аны кантип тарбиялоону билбейм. 3 жашынан баштап ал көчөдө кайырчылык менен алектенип, чогулткан акчасы менен компьютердик клубга ойногону барат. Ал бул оюнга абдан кызыгып кетти, мени укпайт. Көп учурда үйдөн акча уурдап, оюндардан улам үйдө түнөгөн эмес. Мен аны балдар үйүнө жиберүүгө макулмун” – деди атасы.

Балдар үйүнүн директору Бермет Токтосунованын айтымында, ар бир бала медициналык кароодон өтөт. Жалпысынан 22 бала тарбияланып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: