Нарын облусунда 3000ден ашык тургундар коронавирус илдетинен өз алдынча үйүнөн дарыланышкан. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө үйдө өз алдынча дарыланып жаткан 3547 адам аныкталды. Алар күндүзгү стационарларга жөнөтүлдү.
Бейтаптарга эрте медициналык жардам көрсөтүү жана оорунун кесепеттерин алдын алуу максатында, аларды аныктоо иштери улантылууда.
Аймакта 63 572 үй-бүлө жашайт, алардын 18 949у мобилдик топтор тарабынан текшерилди.
Бул иш облустун бардык райондорунда улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ