Москвада Кыргыз-тажик массалык мушташынын катышуучулары кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Белгиленгендей, Екатеринбургдагы кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы жаңжалдан кийин, кыргыз жарандары “тажиктерди жазалоо” деген терс чакырыктарды тарата башташкан.
2020-жылдын 21-июлунда Москвадагы коомдук жайда жүргөн кыргыз жана тажик улуттарынын белгисиз жарандары массалык мушташка чыгышкан.
Бул факты боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Москва милициясы социалдык тармактарда тажиктер менен кыргызстандыктардын чакырыктарын аныктады.
Аталган факты боюнча 9 Кыргыз жараны жана 9 Тажик жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.
Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү улуттар аралык чыр-чатактын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ