Menu

Бүгүн Кыргызстандын жана Хорватиянын ТИМ Башчылары кызматташуу маселелерин телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:
Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Хорватия Республикасынын тышкы иштер жана европа иштери министри Г.Радман менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты жана эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда саясий консультацияларды уюштуруу жолу аркылуу эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин кызматташуу маселелери, анын ичинде, Европа Биримдиги – Борбордук Азия жаңы Стратегиясынын алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүлөрү жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча биргелешкен күч-аракеттер талкууланды.
Ачык жана конструктивдүү маекте эл аралык жана региондук күн тартибинин негизги аспектилери, анын ичинде, БУУнун, ЕБнын, ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын аянтчаларында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: