Жүк ташуучу унаадан мотоциклди айдап качкан адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-июль күнү кечинде инспекторлорго Чекиш-Ата базарынан анча алыс эмес жерде, Алма-Атинская көчөсүндө жолдун боюна мотоцикл токтоп тургандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Транспорт каражатын айып короого киргизүү чечими кабыл алынып, жүк ташуучу унаа чакырылган. Бирок, жолдо белгисиз адам мотоциклди чечип уурдап, окуя болгон жерден качып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ