Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда маалыматты мэриядан тастыкташты.
Татьяна Кузнецова 2019-жылдын февралында вице-мэр болуп дайындалган. Ал 1990-жылдары мектептерде тарых сабагынан сабак берген. 2000-жылдары Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгында, КММАда иштеген.
Вице-мэр болуп дайындалганга чейин ал Октябрь районунун акиминин орун басары кызматын ээлеп келген.
Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри кызматына Виктория Мозгачева дайындалды. Ал социалдык блокту көзөмөлдөйт. Мозгачева ушул убакка чейин “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын директору кызматын аркалап келген.
И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде “инженер-экономист” адистиги боюнча билим алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ