Бүгүн, 29-июлда, Түркиядан Кыргызстанга 316 жаран, анын ичинде жаш балдар дагы кайтып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, мекендештерибиз “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча Кыргыз өлкөсүнөн Түркиянын жарандарын, Түркиядан Кыргыз жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.
Түркиянын эл аралык аба каттамдарынын калыбына келтирилишине жана чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө коюлган чектөөлөрдүн жоюлушуна байланыштуу транзиттик жолдун жардамы менен биздин жарандар өлкөгө АКШ, Канада, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Түндүк Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея Республикасы, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Улуу Британия, Бельгия, Норвегия, Польша, Швециядан келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ