Menu

Видео – Белгилүү акын Мирлан Самыйкожого Мирбек Райымов темир тулпар белек кылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-июлда белгилүү акын Мирлан Самыйкожого жеке ишкер Мирбек Райымов темир тулпар белек кылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Мирбек Райымов Фейсбук баракчасында билдирди.

“Кыргыздын таланттуу уулдары Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун өтүп кеткени бизге оор тийди. Алардын жанында жүргөн досубуз Мирлан Самыйкожого ал нерселер бизден да оор болду. Эл Мирланды күйүткө күйүп турганын эфирден же радиодон көрүп турса мен жанында көрүп туруп аябай жаман болдум. Ошол күндөрү Мирландын жанында жүрүп, “Эл уулдарын баптап, бапестеп албаса баарыбыз тең эле бул дүйнөгө конок экенбиз” деген ойго келгем. Өзүмө жеткидей оокатымдан сырткары курулуш тармагында кичинекей жумушум бар. Тапканымды артынып кетпегенден кийин деп досум Мирландын талантын жана мекенчил патриоттуулугун баалап бир жорго миңгизейин дегем. Ошол ой кыял эми минтип бүгүн ишке ашты”, – деп жазган ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: