Москвадан Ошко 283 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-июлда россиялык “Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттам менен мекендештерибиз өлкөгө учуп келишти.
“Каттам менен Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар келишти. Андан тышкары жакында операция жасаткан, жакындарын жоготкондор, оор дартка чалдыккан жарандар дагы кайтып келишти”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ