Menu

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Жалпы мусулман жамааты үчүн боорукерликтин, адеп-аклактын жана ырайымдуулуктун баа жеткис көрүнүшү катары бул улуу майрам мусулмандардын руханий казынасында шек жок өзгөчө орунду ээлейт.

Бакубатчылыкты, байгерчиликти символдоштурган Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана биздин элдерибиздин биримдигин арттырсын.

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирип жаткан COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан менен тилектештигибизди билдиребиз, эл аралык коомчулуктун жалпы күч-аракеттери менен биз биргеликте бул коркунучту жеңип чыгарыбызга ишенем», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбековго бакты-таалай, ак ниет иштерине ийгиликтерди жана жетишкендиктерди, ал эми боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өсүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: