Бүгүн, 3-августтан баштап Кой-Таштагы окуялар боюнча сот онлайн режиминде өтө баштады. Бул тууралуу сот процессинин катышуучусу Кундуз Жолдубаева билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин 28-июлда сот процессине төрагалык кылган судья Марат Сыдыков мындан ары сот отурумун онлайн-режиминде өткөрүү сунушун берген. Анын айтымында, адвокаттар менен прокурорлор ооруп жатат, жана тергөө абагында, камакта отурган айыпталуучуларды сот отурумуна алып келбей жатышат. Ошондуктан судья кийинки отурумду видеоконференция форматы аркылуу өтөт деп жарыялаган.
Айыпталуучулардын адвокаты Сергей Слесарев тергөө абагында мындай иштөө үчүн шарттар жок экендигин билдирген. Бирок №1 тергөө абагында видеобайланыш уюштурулганы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ