Menu

ИИМ: Кызыл китепке кирген канаттууларды өлкөдөн алып чыгып кетүүгө аракет кылган чет мамлекеттин жараны кармалды

Бөлүшүү:

Кызыл китепке кирген канаттууларды өлкөдөн алып чыгып кетүүгө аракет кылган чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын ИИМдин ТИИБдин Аба транспортогу ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери “Манас” аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 22-ноябрь күнү таңкы саат 05.30 чамасында “Манас” Эл аралык аэропортунун жүк ташуучу терминалынан коңшу мамлекеттердин биринин жараны 1995-ж.т. С. Д. кол баштыгынан 5 даана кызыл китепке кирген ителги табылган.

Чет мамлекеттердин биринин жараны С.Д. беш ителгини, анын ичинен экөөсү өлүп калган ителгини алып кетүүгө аракет кылганы маалым болгон.

Аталган факты КЖБРге КРнын Жазык кодексинин 293-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран ЖПКнын 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган шектүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерди жүргүзүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: