10 жаштагы Самина Икрамова Сузак районундагы оорукананын курулушуна өзүнүн чогулткан акча каражатынан бөлүп берди. Бул тууралуу Фейсбуктагы Санрабия Кубанычбекова аттуу колдонуучу билдирди.
Кечээ, 2-августта, ал Сузак районунун активисттерине чалып, тогуз ай ичинде топтолгон 7017 сомду берүүгө чакырды.
“Коронавируска каршы күрөшүүдө ар ким жардам берип жатат, мен дагы жардам бергим келет. Мындан ары эч ким оорубасынчы,” – деп айтып акчасын тапшырган.
Белгилей кетсек, Самина Икрамова депутат Тазабек Икрамовдун кызы.
https://www.facebook.com/100007724918680/posts/2682062432061228/?d=n
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ